Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Жери трансформация боло тургандар нааразылык билдирүүдө


Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуш.
Бишкектин чет жакасындагы жаңы конуш.

Жер тилкелери трансформация боло турган тургундар нааразылык билдирүүдө. Бүгүн алар Бишкекте “Эмне үчүн өкмөт трансформация маселесин чечүүдө тандалма мамиле жасап жатат?” деген суроонун тегерегинде пресс-конференция өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу "Трансформация" кыймылы кабарлады.

Жалпысынан 9 миң гектардай жердин макамы өзгөрүлөрүн өкмөт август айында кабарлаган.

“40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырылат. Эгерде бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, анда кабыл алынган мыйзам аркылуу 200 миң адамдын маселеси чечилет", - деп билдирген болчу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

2005-жылдан кийин Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жолу менен турак жайлар курулган. Бирок сугат жерге үй салууга мыйзам жол бербегендиктен бул үйлөр мыйзамсыз болуп эсептелип келген. Трансформация тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону быйыл август айында белгилүү болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG