Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Үй-бүлөнү пландоо маселесине арналган акция өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте “Үй-бүлөнү пландоо – адамдын укугу” деген акция өтөт. Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) жана Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети уюштурууда.

Каалоосуз бойго бүтүүдөн сактануунун эл аралык күнүнө карата өткөрүлүп жаткан акциянын урааны – “Үй-бүлөнү пландоо ымыркайлардын жана энелердин өмүрүн сактап калат!”. Максат – адамдардын тукум улоо саламаттыгын коргоо жана үй-бүлөнү пландоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

Курманжан датканын эстелигинин алдында уюштурула турган иш-чара асманга 500 шарды учуруу менен жыйынтыкталат. Алардын ар бири дени сак төрөлгөн баланын символу болуп калат. (RK)

XS
SM
MD
LG