Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Ысык-Көлдүн эки тургуну "Хизбут-Тахрирчи" деп шектелип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун 29 жаштагы эки тургуну Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний уюмдун жергиликтүү лидери деп шектелип, кылмыш иши козголду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын үйлөрү быйыл 20-июлда тинтүүгө алынып, ири өлчөмдө тыюу салынган адабияттар жана электрондук каражаттар табылган. Диний экспертиза дайындалып, тыянак чыккан соң аларга 19-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул берене экстремисттик материалдарды ташуу, сактоо, колдонуу, таратууга каршы багытталган.

Быйыл 18-сентябрда эл аралык "Human rights watch" укук коргоо уюму "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы жарыяланган. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону белгиленет. Уюм тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга ундөгөн.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги баяндаманы негизсиз деп атаган.

Расмий эсепте, учурда Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандардын саны 400дөн ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG