Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:01

Антитеррордук машыгуулар полигондо өтүп жатат


Ысык-Көлдөгү антитеррордук машыгуулардын биринчи күнүнөн тартылган сүрөттөр. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Ысык-Көлдөгү антитеррордук машыгуулардын биринчи күнүнөн тартылган сүрөттөр. 25-сентябрь, 2018-жыл.

“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” машыгууларынын экинчи күнү Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” полигонунда уланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат бөлүмү кабарлады.

Аскердик талаада Кыргызстандын чек арасы аркылуу келген мыйзамсыз куралданган террористтерди жок кылуу боюнча аскер операциясы өткөрүлгөнү турат. Анда Кыргызстандын жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн авиациялык тобу катышат. Аскерлердин биргелешкен тобу авиациянын колдоосу менен куралчан топторго каршы туруу, маанилүү объекттерди террордук чабуулдардан коргоо, тоо шартында иштөө ыкмаларын иш жүзүндө көрсөтүп, машыгышат.

Бул күнү ошондой эле Орусиянын аскерлери Кыргызстанга алып келген “Искандер-М” ракеталык комплекси да сыналат деп күтүлүүдө.

Бир катар орусиялык маалымат агенттиктер менен гезиттердин жазганына караганда, бул машыгуулар үчүн Орусия Урал аймагынан “Искандер-М” ракеталык комплекстерин Ысык-Көл облусуна алып келди. Кыргызстандын күч түзүмдөрү, атап айтканда армиянын Башкы штабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Машыгуулардын биринчи күнү, 25-сентябрдда машыгуулар Тамчыда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда өттү. Анда барымтага алынган учакты кондурууга мажбурлоо, тероррчулардын иш-аракеттерине бөгөт коюу жана барымтага алынгандарды бошотуу боюнча терроризмге каршы операциясы аткарылды. Аны УКМКнын, куралдуу күчтөрдүн башкы штабы, ИИМдин атайын бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүздү. Анын алдында террорчулукка каршы машыгуулардын алкагында Чолпон-Атада жыйын өттү.

Машыгуу Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышып жатат. Машыгуулардын биринчи этабы ар бир өлкөнүн өзүндө өткөн.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG