Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Карамушкина эркектер арасында коррупционерлер көп экенин билдирди


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанда аялдарга салыштырмалуу эркек чиновниктер коррупциялык иштерге көбүрөөк аралашарын билдирди. Мындай пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо жараянында айтты.

Карамушкина акыйкатчылыкка талапкер беш кишинин бирөө аял - Рита Карасартова экенин айтып, омбудсмендикке татыктуу экенин белгиледи. Эл өкүлү бул пикирин Карасартованын билими, мүнөзү омбудсмендикке төп келери менен бышыктады жана жогорку кызматтарда аялдар көбүрөөк болушун кааларын кошумчалады.

- Себеби, аялдар эч качан жөн карап турбайт. Алар коргошот. Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү үчүн аялдарда бүгүнкү күндө күч да, эрк да, чечкиндүүлүк да бар. Аялдардын талапкерлигин колдоодон чочулабагыла.Өкүнбөйсүңөр. Бизде эч качан аял акыйкатчы болгон эмес. Өлкөдөгү коррупционерлердин басымдуусу аялдар эмес, эркектер,- деди Карамушкина.

Акыйкатчылыкка парламенттеги КСДП фракциясы Токон Мамытовду, “Бир Бол” үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азизди сунуштаган.

Маматурайим Момунов атаандаштырынын арасында тажрыйбалуу кишилер бар экенин белгилеп, күрөштөн өз каалоосу менен баш тартты.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат.

Акыйкатчы шайлоо жараянын "Азаттык" "Фейсбукта" жана "YouTube" каналында түз алып көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG