Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Акаев: Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланбашы керек


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлабоого чакырып, эгер ал киши колдоо тапса, парламент дагы бир жолу коомчулуктун сынына кабыларын билдирди. Бул пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы тандоо жараянында айтты:

- Соңку учурда мен таң калып жатам. Элдин кыжырына тийген талапкерлерди каяктан издеп табасыңар, таң калам. Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бирине да эл ыраазы эмес. Коомчулуктун сыны абдан катуу болуп жатат. Ага карабай, коомчулуктун кыжырын келтирген кишилерди улам-улам сунуштап жатасыңар. Акыйкатчы институтунун жалпы саясатын өзгөртүү, реформа жасоо үчүн башкарууга духу бар адамдарды алып келишибиз керек. Андай кишилер талапкерлердин арасында бар. Тил алчаак акыйкатчы болбошу керек. Токон Болотбекович адам катары абдан жакшы киши, бирок акыйкатчы кызматына жарабайт. Мурдагы бийликтердин тушунда элдин таламын талашкан билдирүү жасабаган адам карапайым калктын укугун коргой албайт, - деген Акаев акыйкатчы шайлоо учурунда добуш берүүнү көзөмөлгө албоону депутаттардан өтүндү.

Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовду бийликтеги КСДП фракциясы көрсөткөн. Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган.

"Бир Бол" фракциясынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер - Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында "тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып", бул кызматка ат салышуудан баш тартты.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (SE)

XS
SM
MD
LG