Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Депутат акыйкатчылыкка талапкер эркектерди күрөштөн баш тартууга чакырды


Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова акыйкатчы болууга талапкер эркектерге кайрылып, жалгыз аял талапкер - Рита Карасартованы колдоо үчүн күрөштөн баш тартууга чакырды.

Бирок талапкер мырзалар ар кандай себептер менен ага макул болушкан жок. Мамытов "эгер эркектер талапкерлигин алып салса, аял кишини басмырлоо болуп каларын" айтты. Башкалары, альтернативасыз шайлоо мыйзамсыз болорун белгилеп, баарын депутаттар чечерин билдиришти.

Акыйкатчылык кызматка беш адам көрсөтүлгөн.

Токон Мамытовду КСДП фракциясы, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди жана Мамаурайым Момуновду "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган.

Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында "тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып", бул кызматка ат салышуудан баш тартты.

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (SE)

XS
SM
MD
LG