Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Америкалык актер жана куудул Билл Косби абакка кесилди


Билл Косби сот өкүмүнөн кийин, АКШ, Пенсильвания, 25-сентябрь, 2018-жыл.
Билл Косби сот өкүмүнөн кийин, АКШ, Пенсильвания, 25-сентябрь, 2018-жыл.

Америкалык белгилүү актер жана куудул Билл Косби он жылга чейин кесилди. Жазанын так мөөнөтү кийинчерээк белгилүү болот.

Ал 2004-жылы Тэмпл университетинин мугалимин үйүнө чакырып, маңзат берип, андан соң зордуктап салган деп айыпталды. Косбиден зомбулук көрдүк деп башка аялдар да арызданышкан.

Ал 80-жылдары “Косбинин шоусу” аттуу телеберүү менен атагы чыккан. Андагы ролу үчүн белгилүү болуп, “Американын атасы” атка конгон. 81 жаштагы Косби бардык айыптарды четке кагып келет.

 

XS
SM
MD
LG