Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Райымбек Матраимовго байланыштуу сот иши 30-октябрга жылды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Тийиштүү документтердин жетишсиздигинен улам Райымбек Матраимов менен өкмөткө байланыштуу сот иши 30-октябрга калды. Мындай чечим Бишкек шаардык сотунун 26-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнүн жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогонун айткан.

Өкмөт райондук сот чыгарган чечимге нааразы болуп, шаардык сотко арыз менен 17-августта кайрылган.

Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG