Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Дипломатиялык паспорттор жеке кызыкчылыкка колдонулганы аныкталды


Кыргызстандын жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорттору.
Кыргызстандын жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорттору.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын Башкы прокуратура кабарлады. Учурда аны текшерүү жана министрликтин жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берүү жагы каралып жатат.

Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы 25-сентябрда маалымдагандай, аталган министрликте "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзам, Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жобо бузулган учурлар болгон.

Аталган министрликтин кызматкерлери кызматтык, дипломаттык паспортторду колдонуу, тапшыруу жараянында мыйзам бузганы үчүн 12-сентябрда кылмыш иши козголгон. Материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

24-сентябрда парламент депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери мамлекеттин эсебинен чет элдик сапарларга үй-бүлөсү менен барган учурлар тууралуу айтып чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG