Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:15

Депутат экстремизм менен күрөштө күч органдары аша чаап жатканын айтты


Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримов Кыргызстанда экстремизге каршы күрөштө күч органдары аша чаап жатканын билдирди. Мындай пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо алдындагы жыйында айтты.

Каримов жарандар Интернеттеги жазган пикирлери үчүн да жоопко тартылган учурлар болуп жатканын айтты:

- Көптөгөн ата-энелер балдары Сирия кетип калганы үчүн, ал жакка барбаса да социалдык тармактарга бир нерсе чыгарып койгону үчүн камалып кетип атат. Буга эч ким иштебей жатат. Андан тышкары, укук коргоо органдары ата-энелердин үйлөрүнө келип, баласынын ордуна атасына жоопкерчилик жүктөп атышат.

Нодирбек Каримов Акыйкатчы институту бул маселеге көңүл бурушу керектигин кошумчалады.

Быйыл 18-сентябрда эл аралык "Human rights watch" укук коргоо уюму "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы жарыялаган. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону белгиленет. Уюм тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга үндөгөн.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев баяндаманы негизсиз деп атап, кармоолор мыйзамдагы тийиштүү эрежелер менен ишке ашарын билдирген.

Расмий эсепте, учурда Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандардын саны 400дөн ашат. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG