Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Түркияда кыргыз жараны уурулукка шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркияда кыргызстандык жаран уурулукка шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Ihlas" кабар агенттиги 26-сентябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын үч жараны Анталия шаарынын Манавгат районунда жайгашкан соода борборундагы дүкөндөн кийим уурдап бараткан жеринен колго түшкөн.

"Кыргызстандык Э.К, Д.Д жана А.К дүкөндө сатылып жаткан кийимдердин коопсуздук магниттерин кесип, баштыктарына салып баратканда дүкөндүн кызматкерлерине кармалганы" деп айтылат кабарда.

Анталия шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөсүнөн кийин А.К камакка алынып, экөө бошотулган. Факт боюнча Кыргызстандын Башкы консулдугунун Анталиядагы өкүлү тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын абактарында төрт кыргызстандык отурат. (ElB)

XS
SM
MD
LG