Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Францияда 18 жаштагы чечен теракт даярдоого шектелип кармалды


Парижге чукул Трап шаарында белгисиз бирөө бычак менен кол салгандан кийин, 23-август, 2018-жыл.
Парижге чукул Трап шаарында белгисиз бирөө бычак менен кол салгандан кийин, 23-август, 2018-жыл.

Француз полициясы 18 жаштагы чечен улутундагы жигитти теракт жасоого даярданган деген шек менен кармады. Бул тууралуу "France Bleu" радиосу шаршембиде кабарлады. Кармалган кишинин аты-жөнү айтылбай, полиция аны 18-сентябрда Страсбург шаарында колго түшүргөнү гана маалымдалды.

Кабарда айтылгандай, шектүү болсо жөн эле кызыкканынан улам «Ислам мамлекети» террордук уюму тууралуу Интернеттен маалымат издегенин айтып берген.

Анын агасы май айында полиция кызматкерлерине бычак менен кол салган Хамзат Азимовдун ишине байланыштуу кармалган. Анда Абдул Хаким Анаев аттуу бирөө террорчуларга байланышы бар деген шек менен кармалганы кабарланган.

Май айында француздардын маалымат каражаттары өлкөдө мурда-кийин полициянын көзүнө чалдыкпаган кишилер 13 теракт жасашканын жазып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG