Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

БУУнун Ооганстандагы миссиясы адамдардын өлүмүнө тынчсызданууда


Ооган армиясынын аскерлери, 5-август, 2018-жыл.
Ооган армиясынын аскерлери, 5-август, 2018-жыл.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы аба чабуулдарынан өлгөн карапайым жарандардын саны өсүп баратканына "терең тынчсыздануусун" билдирди. Өткөн апта соңунда эле аба соккуларынан 21 киши каза тапкан.

26-сентябрда Ооганстандагы миссия билдиргендей, Кабулдун батышындагы Майдан Вардак провинциясында бир эле үйгө тийген бомбадан 12 киши, анын ичинде балдар каза тапты. 23-сентябрда бул аймакта өкмөттүк армия аба операциясын жүргүзгөн.

Провинциянын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Ахмад Жахвари «Франс Пресс» агенттигине аба чабуулдары «Талибандын» жоочуларын бутага алганын айтты.

Ооганстандагы миссиянын 25-сентябрдагы дагы бир билдирүүсүндө айтылгандай, 22-сентябрда Каписа провинциясында жүргүзүлгөн атайын операцияда бир үйгө бомба тийип, андагы тогуз кишинин өмүрү кыйылган.

Миссия бул эки чабуулду ооган өкмөттүк армиясы же НАТО күчтөрү ишке ашырганы белгисиз экенин белгилеген.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Радманиш Каписадагы аба операциясын ооган жана америкалык күчтөр биргелешип ишке ашырганын жана анын кесепети иликтенип жатканын айтты.

Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Дэвид Батлер операцияга жерден ооган күчтөрү колдоо көрсөтүп турганын, анда «согушкерлер гана» жок кылынганын билдирди.

Миссиянын маалыматына ылайык, 2018-жылдын биринчи жарымында мурунку жылдын ошол маалына салыштырганда карапайым адамдардын өлүмү 52% же 149 кишиге жеткен. 200дөн ашуун киши жарадар болгон.

Ооганстандагы НАТОнун операциясы 2014-жылы аяктаган. 2015-жылдан тарта эл аралык күчтөр согуш операцияларына эмес, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууга гана катышат.

XS
SM
MD
LG