Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:57

КМШнын «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуулары жыйынтыкталат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Чолпон-Атада КМШ мамлекеттеринин коопсуздук күчтөрүнүн «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуулары жыйынтыкталат. Эки күнгө созулган бул машыгууларга жалпы эки миңге жакын аскер кызматкери, 400дөй техника катышты. Орусиядан алынып келинген “Искандер-М” ыкчам-тактикалык комплекси сыноодон өткөрүлдү.

Машыгууларда негизги аракеттерди Орусия менен Кыргызстандын аскерлери көрсөттү. Иш-чарада алардан сырткары Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын күч кызматтарынын өкүлдөрү катышты.

КМШга мүчө мамлекеттердин компоненттүү органдарынын биргелешкен терроризмге каршы машыгуулары Кыргызстанда үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейин 2001-жылы Ош шаарында, 2013-жылы Бишкек шаарында өткөн. (ErN)

​
XS
SM
MD
LG