Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:46

Трамптын Иран боюнча сунушу колдоо тапкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШнын Иранга каршы сунуштарын четке какты. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трам шаршемби күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында төрагалык кылып Иран маселесине дагы бир жолу токтолду. Ага чейин ал дүйнө өлкөлөрүн Тегеран менен кызматташуудан баш тартууга чакырган болчу.

Бирок 2015-жылы Иран боюнча келишимге кол койгон башка өлкөлөр – Улуу Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия Трамптын сунушун колдогон жок.

Ирандын президенти Хасан Роухани журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын өлкөсү өз турумун карманууну уланта берерин айтты.

АКШ президенти Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыкканын быйыл майда жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарын сыноо, террорчул топторду колдоо менен ал келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Андан бери АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын биринчи бөлүгү август айында калыбына келди. Экинчи жана негизги, мунай-газ секторун бутага алган санкциялар ноябрь айынан тарта күчкө киргени турат.

XS
SM
MD
LG