Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Жарандык активист парламенттин таркашын талап кылат


Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган акция өтөт. Аны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурарын өзү “Азаттыкка” кабарлады.

- Адам укугун коргоо жаатында үзүрлүү иштеп келе жаткан эки талапкерди колдобой, өзүлөрүнө керектүү адамды шайлап алышты, - дейт Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары 26-сентябрда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамытовду 79 депутат колдоду. "Бир Бол" сунуш кылган Рита Карасартовага 9, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш, "Ата Мекен" көрсөткөн Канатбек Азизге 19 добуш тийди.

Депутаттардын алдында сүйлөп жатып жаңы акыйкатчы парламент менен тыгыз кызматташууга убада берди.

Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (RK)

XS
SM
MD
LG