Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:43

УКМК: Сирияга адамдарды жөнөткөн жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы эл аралык террордук уюмга мүчө деп шектелген дагы бир жаран кармалганын билдирди. 23 жаштагы жигит террорго каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында 19-сентябрда колго түшкөн.

Маалыматта ал 2013-жылы террордук уюмдарын бирине мүчө болуп, Сирия өкмөтүнө каршы салгылаштарга катышканы айтылат. Андан тышкары, террордук топтун башчысынын тапшырмасы менен ал жака адам жалдап, КМШ мамлекеттеринен 100дөн ашуун кишини алып барган деп шектелүүдө.

УКМКнын басма сөз кызматы ал Кыргызстандын жараны экенин, бирок кай жерден кармалганы тууралуу маалымат берилбесин билдирди.

Колго түшкөн жарандын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалды.

Расмий маалыматка ылайык, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашуун. Арасында 140ка жакын аял, 100гө чамалуу балдар бар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 90дон ашуун кыргызстандык мерт болгон.

Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка катышкан жыйырмадай киши кайтып келгенин жарыялаган. Бирок аларга карата кандай чара көрүлгөнү белгисиз.

Былтыр Сирияга кеткен жарандар өлкөгө кайтканда аларды жарандыктан ажыратуу жана сегиз жылга чейин кесүү боюнча мыйзам кабыл алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG