Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Караколдо мэр шайлоо 12-октябрда болот


Каракол шаарынын жаңы мэрин шайлоо 12-октябрда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыгып, расмий сайтка жарыяланды.

Шайлоону уюштуруп, өткөрүү Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. Азырынча калаа башчылыгына кимдер ат салышары белгисиз. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе эми караларын билдиришти.

Каракол шаарынын мурдагы мэри Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде 19-сентябрда кызматтан бошотулган.

31-июлда шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен калаа башчыга ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган. Эл өкүлдөрү мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG