Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Бишкекте милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте кафедеги ок атууга байланыштуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндөгү жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ишти аталган райондун прокуратурасы териштирип жатат.

12-сентябрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндөгү "Империя пиццы" кафесинде жаңжал чыгып, милиция кызматкери кафенин коногуна ок жатканы кабарланган.

Табелдик куралдан ок аткан милиционерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен иш козголду. Анын кылмышын жашырды деп кесиптештерине 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-беренелери (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG