Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:00

Адам уурдоо боюнча жыл башынан бери 16 кылмыш иши козголду


2018-жылдын тогуз айында адам уурдоо фактысы боюнча 16 факты аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (“адам уурдоо”) боюнча иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, бул маалыматтарды ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев министрликтин Коомдук кеңешинин жыйынында келтирген. Ал адам уурдоо былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсе, ал эми сегиз жыл мурдагыга салыштырмалуу төрт эсе азайганын белгилейт.

Кыргызстанда адам уурдоо фактысы боюнча былтыр 42, 2010-жылы 88 кылмыш иши козголгон. Бул фактыларга кыз ала качуу кошулбайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG