Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Бозгунда жүргөн белгилүү укук коргоочу Өзбекстанга кайтты


Толиб Якубов
Толиб Якубов

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, 78 жаштагы Толиб Якубовду 26-сентябрда Ташкенттин аэропортунда туугандары, достору, укук коргоочу кесиптештери тосуп алды.

Ал мекенине он жылдан ашуун Францияда бозгунда жүргөн соң кайтып барды.

Өзбекстандын Адам укуктары коомунун негиздөөчүсү Якубов мекенинен 2007-жылы качууга аргасыз болгон, 2014-жылы өзбек бийлиги аны жарандыктан ажыраткан.

Учурунда француз жарандыгы бар Якубовго өзбек жарандыгы кайтарылып берилеби же жокпу, азырынча белгисиз.

Толиб Якубовго мекенине кайтууга президент Шавкат Мирзиёевдин келерки айда Францияга сапары алдында уруксат берилди.(UE)

XS
SM
MD
LG