Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Баш прокурор Жогорку Кеңеште Гуревичке байланыштуу маалымат берүүдө


Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин финансылык кеңешчиси Евгений Гуревичтин айткандары боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирди.

Кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич жакында “Азаттыкка” маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ал 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Гуревич Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондор тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун маалымдаган.

XS
SM
MD
LG