Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Журналист Ян Куциак киши колдуу болгондон кийин Братиславадагы нааразылык акциялардын бири. 9-март, 2018-жыл.
Журналист Ян Куциак киши колдуу болгондон кийин Братиславадагы нааразылык акциялардын бири. 9-март, 2018-жыл.

Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, Словакиянын полициясы жети ай мурда киши колдуу болгон иликтөөчү журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелгендерди кармады. Бул маалыматты өлкөнүн премье-министри Петр Пеллегрини “Фейсбуктагы” баракчасында ырастап, аталган кылмышты иликтөө өкмөт артыкчылык берген иш экенин белгиледи.

"Dennik N" интернет басылмасы полициядагы булактарына шилтеме жазап жазганына караганда, кылмышка шектүү сегиз киши, анын ичинде журналистти өлтүрдү деп шектелген адам кармалды.

27 жаштагы Ян Куциакты жана анын сүйлөшкөн кызын быйыл февралда борбор Братиславадан алыс эмес жердеги үйүндө атып кетишкен. Бийликтер журналист кесиптик ишмердигинен улам өлтүрүлгөн улам болушу мүмкүндүгүн дароо эле моюнга алышкан.

Ян Куциак киши колдуу болгон кезде өлкөсүндөгү саясий коррупцияны иликтеп жаткан эле. Анын өлүмү Словакияда 1989-жылы коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларды жана мурдагы премье-министр Роберт Фицкону кызматтан кетүүгө аргасыз кылган саясий кризисти жараткан. Бирок премьер-министр алмашканы менен үч партиянын коалициясы бийликте кала берген. (UE)

XS
SM
MD
LG