Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары мэр Карыбек Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Эл өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, буга чейин көтөрүлүп келген калаадагы социалдык маселелерге жакшы көңүл бурулбай жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынды. Бирок сөз кайсы маселе тууралуу болуп жатканын азырынча тактоо мүмкүн боло элек.
25-сентябрда шаардык кеңештин сессиясына катышкан 18 депутаттын 16сы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдоду.
Мэр Саралаев да муну тастыктады, бирок комментарий бербестигин айтты.
Шаардык кеңеште беш фракция бар. Алар КСДП, "Табылга", "Кыргызстан", "Улуу Кыргызстан" жана "Республика". Депутаттардын саны - 21.
Карыбек Саралаев мэр болуп 2017-жылдын февралында шайланган. Шаар башчылык кызматка аны жалгыз талапкер катары КСДП фракциясы көрсөткөн. Он жети депутат аны колдогон. Төрт ай өтүп Саралаевге таштанды маселесине байланыштуу кылмыш иши да козголгон.
Чолпон-Ата - Кыргызстандагы туристтер көп барган калаа. (AsM\SE)