Брет Кавано Конгрессте сексуалдык ыдык көргөзүү боюнча анын дарегине айтылган айыптоолордун шартында көрсөтмө бергени жатат.
Бүгүн Конгрессте Каванону 1980-жылдардын башында сексуалдык ыдык жасаган деп айыптаган аялдардын бири Кристин Блейзи Форд дагы сүйлөмөкчү.
Жогорку Сот судьялыгына талапкер өзү анын дарегине айтылган айыптарды “күлкүлүү” деп атады.
Талапкерди Ак үй колдоп, бул консервативдик көз караштары менен белгилүү судьянын Жогорку Сот мүчөлүгүнө дайындалышына демократтардын тоскоолдук кылуу аракети экенин белгилеп жатат.
Бирок президент Дональд Трамп Сенаттагы угуудан кийин анын туруму өзгөрүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбады:
-Республикачыл сенаторлор бул маселени (Жогорку соттун судьялыгына талапкерди бекитүүнү) бир нече аптадан бери создуктуруп келишти. Азыр аял кишиге сүйлөөсүнө чоң мүмкүнчүлүк берип жатышат. Мен аларды укккан соң көз-карашым өзгөрдү деп айтышым да ыктымал, - деди Трамп 26-сентябрда, Нью-Йорктогу басма сөз жыйында.
Жогорку Сотко Брет Каванонун талапкерлигин президент сунуш кылган. Демократтар эгер ал судья болуп калса Жогорку Сотто тең салмактуулук бузулуп, күч консерваторлорго ооп кетет деп чочулоодо.
Сенаттагы республикачылардын лидери Митч МакКоннелдин билдиргенине караганда, Каванонун талапкерлиги Сенаттын тиешелүү комитетинде жума күнү добушка коюлат. Ал эми бүткүл Сенаттагы добуш берүү келерки аптада болушу мүмкүн. (UE)