Душанбеде кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууланды. Эки күндүк иш сапар менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын борборуна кечээ барды. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын ишин, анын ичинде канатташ чек ара маселелери боюнча кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы баса белгиленди.
- Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз бардык тармактарда кызматташуунун потенциалын арттырып, элдерибиздин ортосунда достукту бекемдейбиз, -деп белгиледи өз сөзүндө кыргыз президенти.
Сооронбай Жээнбеков Душанбеге КМШ мамлекеттеринин саммитине катышуу үчүн барды. Саммит бүгүн өтөт. Анын жыйынтыгында 18 документке кол коюлат. Мындан тышкары Кыргызстандын башчысы Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп, ортодогу маселелерди талкуулайт. (RK)