Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:33

Македония: Президент элди референдумга бойкот жарыялоого чакырды


Македония парламенти.
Македония парламенти.

Македониянын президенти Георги Иванов элди өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча референдумга бойкот жарыялоого чакырды. Анын айтымында, бул өзүн өзү жок кылууга барабар болот.

- Референдумга катышуу – бул укугуңар, милдетиңер эмес, - деди ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып.

Референдум 30-сентябрга белгиленген.Быйыл жайында Македон парламенти Греция менен түзүлгөн келишимди ратификациялаган. Ага ылайык, мурда Югославиянын курамында болгон Македония эми расмий түрдө "Түндүк Македония Республикасы" деп аталат.

Скопье менен Афинынын ортосундагы талаш Македония 1991-жылы мурдагы Югославиядан бөлүнүп, Македония Республикасы деген аталыш менен эгемендигин жарыялагандан бери эле жүрүп келген.

Греция анын Македония деген аймагы болгондуктан коңшу өлкөнүн ушундай аталышына каршы чыгып, талаш жөнгө салынмайынча Македониянын Евробиримдик менен НАТОго кошулушуна макулдук бербей турганын айтып жүргөн.

XS
SM
MD
LG