Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:05

Ататүрк аэропортунда бийиктен секирип каза тапкан адам кыргызстандык эмес


Ататүрк аэропортунун бир көрүнүшү.
Ататүрк аэропортунун бир көрүнүшү.

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бийиктен секирип, каза тапкан адам Казакстандын жараны. Бул тууралуу "Азаттыкка" Стамбул шаарындагы Сади Конук мамлекеттик ооруканасынын дарыгери Мустафа Саалем билдирди:

- Бейтап бизге 27-сентябрда кечке жуук тез жардам менен жеткирилди. Аэропортто "өз жанын кыюуга аракет кылып, 25 метр бийиктен боюн таштады" деген маалымат бар болчу. Бети таанылгыс абалда сынган, өпкөсү сууга толгон болчу. Биз операцияга даярдап жаткан кезде жүрөгү токтоп калды. Кан көп кетиптир. Болгон күчүбүздү жумшаганыбыз менен кечки саат сегизде каза болду.

27-сентябрда айрым түрк басылмалары "Кыргызстандын жараны Ататүрк аэрпортунда өз жанын кыюуга аракет кылганын, абалы оор экенин" жазып чыгышкан.

Бакыркөй райондук ички иштер органы да окуяны иликтеп, көз жумган адам Казакстандын 37 жаштагы жараны экенин аныктаган.

Анын сөөгү Стамбул шаардык прокуратурасынын судмедэкспертиза мекемесине жөнөтүлдү. (ElB)

XS
SM
MD
LG