Оштун Кара-Суу районунда жаңы мектептин ачылышына барган чоңдорду бир сааттан ашуун күтүп, сыртта турган окуучулардын абалы начарлаганы тууралуу маалымат чыкты.
Интернетке тараган видео жана сүрөттөрдө айрым балдар башы айланып, дубалга жөлөнүп турганы тартылган. Бир мугалим келип "өзүңөргө келип калдыңарбы?" деп алардын абалын сураганы да тасмага жазылган.
Окуя Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Ордо айылында 28-сентябрда болгон. Ал күнү 320 орундуу мектептин кызыл тасмасын кесүүгө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган аткаминерлер бармак. Күбөлөрдүн айтымында, аткаминерлер бир сааттан ашуун кечигишкен.
Райондук Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Сүйүнбай Ысаков бул маалыматты четке кагып, балдар жөн эле көлөкөлөп турганын, аткаминерлер да өз убагында келгенин айтты:
- Ал жалган маалымат. Балдар көлөкөлөп турушту. Чоңдор саат 11:15те келишти. Лентаны кесишти, саат 12де бүтүрдүк.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуяга байланыштуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, мектептин ачылыш аземи саат 12ге белгиленгенин, өкмөт мүчөлөрү 40 мүнөт мурда барганын билдирди:
- Окуучуларды тизүү тууралуу эч кандай буйрук болгон эмес. Мектеп он жылдан ашуун убакытта курулду. Ачылышын айылдыктар көптөн бери күтүп жаткан эле. Балдарды мындай иш-чараларда колдонууга тыюу салабыз.
Кыргызстанда буга чейин же чоң майрамдарда же бийлик башындагылардын иш-сапарлары учурунда балдар эс-учун жоготкон учурлар болгон. (SE)