Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:20

ММК: Скрипалдарды ууландырууга шектелген үчүнчү киши кармалды


Cкрипалдарды ууландарды деп Британ полициясы жарыялаган Руслан Боширов менен Александр Петровдун камерадан алынган сүрөтү. 4-март, 2018-жыл. Солсбери.
Cкрипалдарды ууландарды деп Британ полициясы жарыялаган Руслан Боширов менен Александр Петровдун камерадан алынган сүрөтү. 4-март, 2018-жыл. Солсбери.

Британ полициясы мурдагы орусиялык чалгынчы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууну уюштурууга шектелген үчүнчү кишини тапканын “Телеграф” басылмасы 27-сентябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, үчүнчү шектүү да орусиялык чалгын офицер, алдын ала барып Солсберини иликтеп, ууландырууну уюштурууга жардам берген. Азырынча аты-жөнү айтыла элек. Ал тапта негизги шектүүлөрдүн биринин чыныгы аты-жөнүн "Беллингкат" иликтөө агенттиги таап, ал Руслан Боширов эмес, Анатолий Чепига аттуу чалгын башкармалыгынын полковниги экенин, 2014-жылы Орусиянын баатыры наамын да алган деп жарыялаган.

5-сентябрда британ полициясы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга тиешеси бар деп, орусиялык эки жарандын - Руслан Боширов менен Александр Петровдун атын атаган. Бирок ошол эле кезде алардын чыныгы аты-жөнү башка болушу мүмкүн экенин да маалымдаган. Иликтөөчүлөр Александр Петровмун деген шектүүнүн да анык тек жайын жакын арада ашкерелейбиз деп убада берип жатышат.

XS
SM
MD
LG