Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Песков: "Анатолий Чепига" Орусиянын баатыры эмес


Орусиянын маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Орусиянын маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Башкы чалгын кызматынын полковниги Анатолий Чепигага Орусиянын баатыры деген наам ыйгарылбаганын Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы жазды.

Буга чейин "Bellingcat" менен "The Insider" иликтөө агенттиктери Британияда орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга тиешеси бар деп шектелип жаткандардын бири Руслан Бошировдун чыныгы аты Анатолий Чепига экенин жазышкан.

Иликтөөчүлөрдүн пикиринде, Руслан Бошировдун өз аты-жөнү Анатолий Чепига. Ал Орусиянын Чалгын башкармалыгынын полковниги жана 2014-жылы Орусиянын баатыры наамын да алган.

5-сентябрда британ полициясы Скрипалдарды ууландырууга тиешеси бар деп, орусиялык эки жарандын - Руслан Боширов менен Александр Петровдун атын атаган. 12-сентябрда президент Владимир Путин бул адамдар тууралуу орус бийлиги “маалымат алганын”, алар “аскер адамдары эмес” экенин айтып, Лондондун айыптоолорун четке каккан.

Ушундан бир күндөн кийин Руслан Боширов менен Александр Петров Орусиянын өкмөтү каржылаган "Russia Today" телеканалына маек берип, британ полициясынын дооматтарын четке кагышкан.

Алар өздөрүн спорт азыктарын сатып, фитнес индустрия тармагында иштейбиз деп тааныштырган. Бир катар талдоочулар алардын маегинде дал келбестиктер бар экенин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG