Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Өкмөт наркотрафиктин жаңы багытын алдын алууну эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда учурда курулуп жаткан Түндүк – Түштүк альтернативалык жолун кылмышкерлер "Түндүк каттам" ооган баңгизаттарынын трафигинин жаңы бутагы катары пайдаланылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Ош шаарында өткөн маңзат жана психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вице-премьер мындай коркунучка аталган жолдун боюнда калктын сейрек жайгашканы жана бул жолду көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын аз болгону менен түшүндүргөн. Буга байланыштуу мындай жагдайга жол бербөө үчүн азыртадан аракет көрүү зарылдыгын Раззаков эскертти.

Ошондой эле өкмөт өкүлү өлкөнүн түштүк аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча абалды талдоого убакыт келгенин белгилеген.

Кыргызстан маңзат сатуу боюнча транзиттин боюндагы өлкөлөрдүн катарына кирет. Ооганстанда өндүрүлгөн маңзат Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу Европа жана башка аймактарга ташылары айтылып келет.

Бир килограмм ооган апийими Кыргызстанда 2 миң долларга чейин, Казакстанда 12-15 миң долларга, ал Орусияга жетсе 25 миң долларга чейин сатылары эл аралык отчеттордо айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG