Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

АКШ соту демократтардын Трампка каршы арызын кабыл алды


АКШнын Федералдык соту Демократиялык партиядан Конгресстин 200 мүчөсүнүн президент Дональд Трампка каршы арызын кабыл алды. Алар "президент Кошмо Штаттардын Конституциясынын талаптарын бузду" деп эсептешет.

Баш мыйзамга ылайык, президент чет өлкөдөн Конгресстин уруксаты жок акчалай сыйлык же сый акы алууга укугу жок.

Демократ-конгрессмендер Трамп өзүнүн ысымын алып жүргөн отелде чет өлкөлүк элчиликтердин иш-чараларын өткөрүү менен дал ушул конституциялык жобону бузду деген жүйөнү келтирүүдө.

Дональд Трамп бул иш-чаралар боюнча Конгресске эч кандай маалымат бербей, аны өткөрүүгө уруксат алган эмес.

Ак үй бул иш-чараларды өткөрүүдөн түшкөн каражатты сыйакы деп эсептебей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG