Индонезияда эки жолу жердин силкинүүсүнөн кийинки цунами 384 адамдын өмүрүн алды. Табигый кырсыктан ажал тапкандардын жана жабыркагандардын саны дагы өсүшү мүмкүн экени болжолдонууда.
Цунами Сулавеси аралындагы Палу шаарын каптап, көптөгөн имараттарды жарактан чыгарды. Жер титирөөнүн очогу дал ушу шаардан 80 чакырым алыстыкта орун алган.
Учурда Палу шаарына кетчү жолдор жарактан чыкты. Бул шаардын аэропорту учактарды кабыл албай жатат. Жабыр тарткандарга жардам тик учак менен гана жеткирилүүдө.
Палу шаарында 350 миңге жакын адам жашайт.
Калкынын саны 260 миллион адам болгон Индонезияда жер титирөө жана цунами тез катталып турат.