Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

АКШда терроризмге айыпталган өзбекстандыкты өлүм жазасына тартуу сунушталды


Нью-Йорктун прокуратурасы АКШда бир нече адамды автоунаа менен тебелетип өлтүрүүгө айыпталган өзбекстандык Сайфулло Саиповду өлүм жазасына тартууну федералдык сотко сунуштады.

Саипов теракт уюштурууга жана адамдарды атайылап өлтүрүүгө айыпталууда.

Кошмо Штаттарга 2010-жылы грин-карттын негизинде барган Сайфулла Саипов былтыр 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районундагы кол салуудан кийин камакка алынган.

“Ислам мамлекети” террорчул уюму Саипов катышкан окуя боюнча жоопкерчиликти өзүнө алган.

Буга чейин Нью-Йорк сотундагы чоң жюри судьянын Саиповго каршы 22 айыптан турган корутундусун бекиткен. Ал документке ылайык, Саипов сегиз кишини өлтүргөнү, 12 кишиге кол салганы, “Ислам мамлекети” террордук тобун колдогону үчүн айыпталган.

Нью-Йорк штатында өлүм жазасына тыюу салынганына карабай Сайфулло Саиповдун иши федералдык сотто каралгандыктан бул жаза колдонулушу мүмкүн.

30 жаштагы Саипов буга чейинки көрсөтмөлөрүндө сот чечимин тааныбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG