Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Президенттин сүрөтүнө тамаша жазган дизайнер прокуратурага чакырылды


Президент Жээнбеков Ысык-Көлдө.

Бишкектик дизайнер Никита Тарасенко президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүнө тамаша сөздөрдү жазганы үчүн Башкы прокуратурага чакырылганын айтып чыкты. Тарасенко бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Дизайнердин айтымында, прокуратурага белгисиз адам "Тарасенко президентти келекелеп жатат" деген арыз менен кайрылган. Ошондон кийин Тарасенкого Башкы прокуратурадан телефон чалып, сүйлөшүүгө чакырышкан. Дизайнер аталган органда 1,5 саат өткөрүп, түшүнүк кат жазып берген.

“Алгач прокуратура кызматкерлери мени менен олуттуу сүйлөшүүгө аракет кылды. Бирок кийин абалдын жана түшүнүк каттын мазмуну күлкү келээрлик экенин түшүнгөн соң баары күлүштү”,-деп жазды Тарасенко.

Дизайнер прокуратура кызматкерлери эч кандай эскертүү бербегенин жана ага сый мамиле жасашканын кошумчалады.

Ал эми Башкы прокуратура жана президенттин маалымат кызматы бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Никита Тарасенко президенттин маалымат кызматы тараткан Сооронбай Жээнбековдун жайкы эс алуусундагы сүрөттөргө тамашалуу сөздөрдү жазып, ошол мемдерди Интернетке жайгаштырган.

Мем - Интернетте кеңири тараган тамашалуу сүрөт, видео же сөз.

Пикирлерди көрүңүз (43)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG