Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Түндүк Корея: Өзөктүк куралдан баш тартуу үчүн ишеним керек


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп, 12-июнь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп, 12-июнь, 2018-жыл.

Түндүк Корея АКШга толугу менен ишенип, улуттун коопсуздугуна коркунуч жок экенине көзү жеткенден кийин гана өзөктүк куралдан баш тартат. Бул тууралуу БУУнун Башкы ассамблеясында Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ен Хо билдирди. Министрдин айтымында, Пхеньянга АКШнын демилгеси менен киргизилген санциялар учурда эки өлкө ортосундагы ишенимдин жаралышына тоскоол болууда.

Ошол эле учурда Ли Ен Хо Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын быйыл жайында Сингапурдагы жолугушуусун “алга жылуу” деп баалап, Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартуу ниети бар экенин тастыктады.

Дональд Трамп Түндүк Корея лидери менен жолугушууну ийгиликтүү деп атаган. Бирок АКШ бийлиги Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартууну иш жүзүндө далилдемейинче бул өлкөгө киргизилген санкциялар күчүндө калышы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG