Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Сербия менен Косовонун чек арасында кырдаал курчуду


Сербиянын бийлиги жарым-жартылай таанылган Косово менен чек арада курчуган абалдан улам өлкөнүн аскер күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирди. Мындай кырдаалга ишембиде Газивод аймагына Косовонун президенти Хашим Тачинин келгени себеп болду. Сербдер жашаган аймакка президентти бир нече коопсуздук кызматкер коштоп келген эле. Мындан соң Сербия президенттин келишине каршылык иретинде өз аскер күчтөрүн күжүрмөн даярдыкта турууну тапшырды.

Европа Биримдиги эки тарапты сабырдуулукка чакырды.

29-сентябрда Косовонун борбору Приштинада массалык нааразылык акциясы өттү. Акцияга чыккандар өлкө бийлигинин Сербия менен айрым аймактарды алмашуу планына нааразы болушууда.

Буга чейин президент Хашим Тачи өлкөнүн курамындагы сербдер жашаган айрым жерлерди Прешев өрөөнүндөгү албандар жашаган аймакка алмашуу планы каралып жатканын айткан эле.

Сербия 1998-1999-жылдардагы согуштан кийин ал кезде автономдук республика деп аталган Косового көзөмөлдү жоготкон. Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялап, аны 100дөн ашык өлкө тааныган. Бирок расмий Белград Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG