Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандар 429га жетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, ооруну жуктургандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттыкка” айтканына караганда, Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүш үчүн 30 миң доза вакцина алынды.

- Ооругандардын 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар болуп жатат. 5-6 жашка чейинки бир дозасын алган балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында жана мектеп окуучуларынын арасында ооругандар жок. Азыр бир жашка чейинки балдар сасык тумоо болсо үйүндө кармап дарылабай, ооруканага алып барып жатышат. Ал жактан аба аркылуу кызылча жугуп жатат, - деди ал.

Ишанапысованын айтымында, ушул тапта Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 14 бала дарыланууда.

Буга чейин айрым ата-энелер балдары сасык тумоо менен ооруканага жатып кызылча жугузуп алышканын айтып, "Азаттыкка" кайрылышкан.

Ишенапысова 2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар арбып бара жатканын белгиледи.

2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG