Ош-Москва каттамына учууга камынып жатып, учуу тилкесинде дөңгөлөгү жарылган учактын жагдайын атайын комиссия иликтейт. Учурда Жарандык авиация агенттигинин адистери Ошко учуп кетишти. Бул тууралуу агенттиктин жетекчиси Курманбек Акышев “Азаттыкка” кабарлады.
30-сентябрда эртең менен "Ош" аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан “Avia Traffic” компаниясына таандык "Boeing 737" учагы дөңгөлөгү жарылып кеткендиктен каттам кийинкиге жылдырылган. Каттамды жүргүзгөн “Avia Traffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров “Азаттыкка" окуя учуу тилкесинде болгонун, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.
- Себептерин комиссия иликтеп, текшерип жатат. Учак тилкесинде баратканда дөңгөлөгүнө тилкеден темир-тезек түштүбү, жели чыктыбы - аны биз билбейбиз. Дөңгөлөк жарылса, учактын жалпы абалына тиешеси жок. Ал үч ай мурда эле техникалык кароодон өткөн, - деди Аскаров.
Жүргүнчүлөр кечке маал, тогуз сааттан кийин гана Москвага учуп кетишти.
Августтун башында Ош-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Мындан сырткары "Avia Traffic" компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конгон.
1-мартта да "Tez Jet" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.
Буга чейин депутаттар авиакоопсуздук маселесин көтөрүп, Кыргызстандагы авиапаркты жаңыртуу зарылдыгын белгилешкен. (КЕ)