Кыргыз армиясынын Мамлекеттик чек ара кызматына барган 800дөн ашуун жоокер 29-сентябрда ант берди. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, салтанаттуу ант берүү аземдери Ош жана Айдаркен шаарларында болду.
Аскердик ант берген жоокерлер Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын окуу борборлорунда даярдыктан өтүшөт. Андан соң алар чек ара көзөмөл пункттарына барып, кызмат өтөшөт.
Кыргызстан төрт өлкө - Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан менен чектешет. Көзөмөл-өткөрүү пункттары 18 жерде жайгашкан.
Кыргызстандын армиясы 2018-жылкы дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинде 91-орунду ээлеп турат. Мындай маалыматты "Global Firepower" аскердик-аналитикалык порталы 19-апрелде жарыялаган. Былтыркы рейтингде кыргыз армиясы 108-сапта болчу. 2016-жылы ал 108-тепкичте турган.
Аталган порталдын баяндамасына ылайык, кыргыз армиясында азыр 150 танк, 438 бронетранспортер, 159 оор техника жана ракеталык курулмалары бар.
Уюмдун маалыматы боюнча, өлкөдө армияда кызмат өтөөгө жарамдуу 3 миллион адам бар. Учурда аскер тармагындагылардын саны 13 миң 700 кишини түзөт. Мамлекеттин Куралдуу күчтөрүнүн бюджети 240 миллион доллар деп эсептелген.
Армиянын кудуреттүүлүгү боюнча рейтингдин сап башында АКШ, Орусия жана Кытай турат. Борбор Азия чөлкөмүнөн Өзбекстан 39, Казакстан 50, Түркмөнстан 80, Тажикстан 96-орундарда. (SE)