Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ош мэриясында мыйзамсыз батир бөлүштүрүлгөнү аныкталды


Оштогу үйлөрдүн бири. Имараттын маалыматка тиешеси жок.

Ош шаарында майыптарга бериле турган батир мыйзамсыз бөлүштүрүлгөнү аныкталды. Атайын кызмат 1-октябрда билдиргендей, 2017-жылы Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн берилген батир ээлеринин сегизинде тийиштүү документтер жасалма болуп чыккан.

32 адам батир алганга чейин Оштун башка райондорунда, Жалал-Абадда жана Бишкекте жашаганы такталды. Андан тышкары, Кыргызстандын Турак жай кодексиндеги 44-беренеге ылайык, “батирлер I жана II топтогу майыптарга кезексиз берилет” деген эрежеге карабай, III топтогу майып тогуз киши да үй алганы аныкталган.

Мыйзамсыз батир бөлүштүрүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы кызматы мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзгөн териштирүүгө ылайык ашкере кылды. Расмий маалыматта Ош мэриясынын жана турак жай, тиричилик комиссиясынын жооптуу адамдары жең ичинен иш бүтүргөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши ачылганы айтылат.

Бул фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш ишин ачып, тергөө башталды. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG