Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Тажикстандык жети кыргыз кырсыкта көз жумду


Жерге-Талдагы кыргыз кыштактарынын бири.
Жерге-Талдагы кыргыз кыштактарынын бири.

Тажикстандын Лахш районундагы (мурдагы Жерге-Тал району) Кошой айлында жашаган жети кыргыз автокырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу алардын Кыргызстандагы туугандары жана Тажикстандагы жердештери "Азаттык" радиосуна кабарлашты.

Алар 30-сентябрда тоодон картошка казып, автоунаа менен түндө артка кайтып келатканда кыядан кулап кетишкен. Кырсыкта Темирбай Шарапов аттуу жаран жана анын үч уулу, Насир Шарапов жана анын бир уулу, мындан тышкары алардын туугандарынын бир баласы мерт болгон.

"Азаттыктын" тажик кызматы күч органдарына таянып билдиргендей, окуяда дагы беш киши жабыркаган. Алардын экөөнүн абалы өтө оор. Баштапкы маалыматка караганда, айдоочу рулду башкара албай калган.

Тажикстанда 55 миңден ашуун кыргыз бар экени айтылат. Алар негизинен Жерге-Тал жана Мургаб аймактарын байырлашат. (SE)

XS
SM
MD
LG