Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Орусиянын чабуулдарынан Сирияда миңдеген карапайым адам көз жумду


Идлибдеги орусиялык аскерлер. 25-сентябрь, 2018-жыл.
Идлибдеги орусиялык аскерлер. 25-сентябрь, 2018-жыл.

Орусия аскердик операциясын баштагандан бери үч жыл ичинде Сирияда 18 миңден көп киши набыт болду. Алардын сегиз миңге жакыны жайкын тургундар болсо, жарымына жакыны аялдар менен балдар. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган уюм жекшембиде жарыялаган баяндамада айтылат. Укук коргоочулар билдиргендей, Москванын кийлигишүүсү президент Башар Асаддын армиясы көзөмөлдөгөн аймакты эки эсеге кеңейтүүгө жардам берди. Баяндаманын авторлору жарым миллиондой адам үй-жайын таштап качкынга айлынганы үчүн Орусия жооптуу деп эсептешет. “Москва карапайым калк арасындагы жоготууларга тиешеси жоктугун билдирип калп айтып келатат”, - деп айтылат баяндамада.

Укук коргоочулар "орус авиациясы эл аралык мыйзамдар тыюу салган дүрмөттөрдү колдонгон" деп ырастап, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин сириялыктарды өлтүрүүнү токтотууга жана согуш кылмыштары үчүн айыптууларды жоопко тартууга үндөштү.

Москва өз кезегинде Сириядагы операциянын жүрүшүндө үч жылда 85 миң террорчуну жок кылганын билдирди. Жекшембиде Коргоо министрлиги келтирген расмий маалыматка караганда, Сирияда орусиялык 112 аскер курман болду. Орус контингентине таандык сегиз учак, жети тик учак жана бир нече даана техника талкаланган. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги кабарлады.

Буга чейин америкалык расмий адамдар эл аралык коалиция менен "Ислам мамлекети" радикал уюмунун ортосундагы урушта 1100дөн ашуун жайкын адам каза болгонун билдиришкен. Укук коргоочулар бул көрсөткүч мындан алты эсе көп деп эсептешет.

Орусия өзүнүн карапайым кишилердин өлүмүнө жооптуу экендиги тууралуу дооматтарды четке кагууда жана Сириянын бүтүндөй аймагы Асаддын көзөмөлүнө өтүүгө тийиш деп эсептейт.

Москва Сириядагы жаңжалга 2015-жылдын 30-сентябрында расмий аралаша баштаган. Орус бийлиги Дамаск терроризмге каршы күрөштө жардам берүүнү суранганын айткан. Бирок Батыш жана сириялык оппозиция Кремлдин чыныгы максаты Асадга каршы багытталган куралдуу козголоңду басуу болгонун белгилеп келатышат.

XS
SM
MD
LG