Индонезия 1-октябрда жер титирөөнүн жана цунаминин кесепеттерин жоюш үчүн куткаруучулардын көмөгүнө жана гуманитардык жардамга муктаж экенин билдирди.
Президент Жоко Видодонун маалымдашынча, куткаруучуларга урандылар алдында калган адамдарды алып чыгыш үчүн атайын техника каражаттары керек болуп жатат. Ошондой эле ал өлкө күйүүчү майга, электр кубатына жана азык-түлүккө муктаж болуп турганын, табият апаатынан улам соода жайлары жабылып калганын билдирди.
Индонезиянын жетекчилиги билдиргендей, жер титирөөдөн жолдор бузулгандыктан аралдардын көп жерине жетүү да кыйынга туруп жатат.
28-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат кечки алтыда кубаты 7,4 баллга жеткен зилзала катталып, анын очогу Сулавеси аралында болгон.
Соңку маалыматтарга караганда, Индонезияда зилзадан кийинки цунамиде курман болгондордун саны 1200гө жетти. Жүздөгөн адамдар жабыркап, 10 миң адам үй-жайынан ажырады. 260 миллион калкы бар Индонезияда жер титирөө көп катталат.