Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Македония: референдумга катышкандардын 91% өлкө аталышын өзгөртүүнү колдогон


Референдумдун жыйынтыгы шайлоого катышууга укуктуу жарандардын көбү келбей койгонуна байланыштуу жараксыз деп табылды.
Референдумдун жыйынтыгы шайлоого катышууга укуктуу жарандардын көбү келбей койгонуна байланыштуу жараксыз деп табылды.

30-сентябрда болгон талаштуу референдумдун жыйынтыгына ылайык, ага катышкандардын 91,3 пайызы өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүү үчүн добуш беришкен. Бирок бул референдумдун жыйынтыгы шайлоого катышууга укуктуу жарандардын көбү келбей койгонуна байланыштуу жараксыз деп табылды. Референдум добуш берүүчүлөрдүн 50% ашыгы катышканда гана өттү деп эсептелмек.

“Бул референдумга ылайык, чечим кабыл алынбаганы түшүнүктүү” деди Македониянын Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын төрагасы Оливер Деркоски.

1991-жылдан бери Греция менен Македониянын ортосунда талаш жаратып келген маселе боюнча бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ушул жайда тараптар мунасага келишкен. Македония өз аталышын өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Греция коңшусуна мындан ары НАТО менен Евробиримдикке кирүүгө тоскоолдук кылбоого убада берген. Грециянын аймагында да Македония деген аймак бар болгондуктан, Афины коңшу мамлекеттен аталышын өзгөртүүнү талап кылып келген.

XS
SM
MD
LG