Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Москвада мурдагы украин министри кармалды


Николай Рудьковский.
Николай Рудьковский.

Москвада 28-сентябрда Украинанын мурдагы транспорт министри жана экс-депутат Николай Рудьковский кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары кабарлады. Рудьковский 2014-жылы Киевдеги Орусиянын элчилигине кол салуу үчүн айыпталууда.

"Москва" агенттиги өз булактарына таянып, сот мурдагы украин министрин камакка алганын кабарлады.

Маалыматтарда 2014-жылдын 14-июнунда Москванын өлкө чыгышындагы агрессиялык аракеттерине каршы Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдында болгон акция маалында Рудьковский элчиликтин имаратына таш ыргыткан. Рудьковский Украинанын Социалисттер партиясынын лидерлеринин бири болгон жана Виктор Януковичтин өкмөтүндө транспорт министри кызматын аркалаган. Ал 2013-2014-жылдардагы Майдан окуяларында президенттин саясатын колдогон. 2014-жылдагы парламенттик шайлоодо Жогорку Радага шайланган эмес.

XS
SM
MD
LG