Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Донбасс: Горловкада мина басып алган үч бала мерт болду


Донбасстагы мина талааларынын бири.
Донбасстагы мина талааларынын бири.

Украинанын Донецк облусунун Горловка шаарында мина жарылып, үч бала каза тапты, дагы бир өспүрүм жарадар болду. Горловканы азыр орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөйт.

Шаар бийлигинин маалыматына караганда, көз жумган балдар 13-15 жаштарда.

Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Донбасста төрт жыл ичинде мина жарылып, 500дөй адам ажал тапкан. Алардын 21и өспүрүмдөр.

Донбасста украин аскерлери менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу жаңжал 2014-жылдын жазында башталган. Украина менен Батыш мамлекеттери Орусияны жикчилдерди колдойт деп айыптап келатышат. Кремль Донбасска "ыктыярчылар" гана барып жатканын айтып, дооматтарды четке кагып жүрөт.

БУУнун маалыматына караганда, Украинанын чыгышындагы согуштан 10 миңден ашык адам кырылган.

XS
SM
MD
LG