Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Француз ырчысы жана композитору Шарль Азнавур көз жумду


Шарль Азнавур
Шарль Азнавур

94 жаштагы ырчы Шарль Азнавур Франциянын түштүк батышындагы Прованс аймагындагы үйүндө көз жумган. Бул туралуу "Франс-пресс" агенттиги ырчынын басма сөз катчысына таянып жазды.

Азнавур Парижде 1924-жылы Грузиядан келген армян үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Орус империясынан көчүп келсе, апасы 1915-жылдагы Осмон империясынын кезинде армяндар жапырт кырылган окуянын күбөсү болгон.

Шарль Азнавур 14 жашынан тарта сахнага чыга баштап, 1950-жылы өзүнүн биринчи ырын жазган. Композитор өз карьерасында миңден ашуун чыгарма жараткан.

Анын ырларын Эдит Пиаф, Фрэнк Синатра, Боб Дилан, Хулио Иглесиас жана башкалар аткарышкан.

1998-жылы ырчы "Тайм" журналынын онлайн добуш берүүсүндө "Кылым ырчысы" сыйлыгын утуп алган. Ал бул сынакта Элвис Пресли менен Боб Диландан озуп өткөн.

Азнавурду айрым учурда дүйнөдөгү эң белгилүү армяндардын катарына да кошуп келишти. 2009-жылы ал Армениянын Швецариядагы элчиси жана БУУдагы туруктуу өкүлү кызматтарын аркалаган. Ал Армениянын Улуттук баатыры наамын алган жана башка өлкөлөрдүн бир катар мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG